Улуттук банк банктардын уставдык капиталына коюлган талаптарды өзгөрттү
Улуттук банк банктардын уставдык капиталына жаңы этаптуу талаптарды бекитти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк капиталы боюнча жаңыланган талаптарды бекитти. Жаңы ченемдер 1-январдан тартып күчүнө кирип, капиталды 2030-жылга чейин этап-этабы менен жогорулатууну карайт.
Кабыл алынган токтомго ылайык, жаңы коммерциялык банктар үчүн, анын ичинде чет өлкөлүк кредиттик уюмдардын филиалдарына, уставдык жана регулятивдик капиталдын бирдиктүү минималдуу көлөмү 3 млрд сомөлчөмүндө белгиленди. Бул капитал рынокко чыккан учурда дароо түзүлүшү керек.
Иштеп жаткан банктар үчүн талаптар акырындык менен катуулатылат. Капиталды көбөйтүү графиги төмөнкүдөй:
- 2026-жылдын 30-июнуна чейин — кеминде 800 млн сом;
- 2026-жылдын 1-июлунан — 1 млрд сом;
- 2027-жылдын 1-июлунан — 1.5 млрд сом;
- 2028-жылдын 1-июлунан — 2 млрд сом;
- 2029-жылдын 1-июлунан — 2.5 млрд сом;
- 2030-жылдын 1-июлунан — 3 млрд сом.
Системалуу мааниге ээ банктар үчүн өзүнчө талаптар каралган. Алар үчүн 2027-жылдын 1-июлунан тартып минималдуу уставдык капитал 8 млрд сомдон кем болбошу керек. Эгер банкка системалуу маанилүү макам берилсе, уставдык капиталды бир жылдын ичинде, ал эми регулятивдик капиталды регулятордон билдирүү алынган соң үч айдын ичинде жогорулатууга милдеттүү.
Документ рынокко жаңы кире турган катышуучулар үчүн да тартипти аныктайт. Токтом күчүнө киргенге чейин түзүүгө уруксат алган банктар лицензия алардан мурда иштеп жаткан банктарга каралган деңгээлге чейин капиталды жеткирүүгө тийиш. Ал эми жаңы арыз ээлери капиталды дароо 3 млрд сомдон кем эмес деңгээлде түзүүгө милдеттүү.