Улуттук банк ЕАЭБдин борбордук банктарына санарип сом тууралуу маалымат берди
29-октябрда Улуттук банк ЕАЭБдин борбордук банктарына санарип сом боюнча иштердин жүрүшүн тааныштырды.
Кыргызстандын Улуттук банкы Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн кесиптештерине санарип сом боюнча иштердин жүрүшүн тааныштырды. Долбоор 29-октябрда Беларустун Несвиж шаарында өткөн Валюта саясаты боюнча консультативдик кеңештин 31-жыйынында талкууланды. Бул тууралуу КР Улуттук банкына шилтеме берүү менен Economist.kg маалымдайт.
Улуттук банктын концепциясына ылайык, санарип сом — улуттук валютанын кошумча формасы. Аны Улуттук банк чыгарат жана ал жөнгө салуучу органдын өзүнүн милдеттенмеси болот. Санарип сом накталай акчаны жана банктык эсептердеги накталай эмес каражаттарды толуктоого багытталган.
КР Улуттук банкынын өкүлдөрү киберкоркунучтарга жана уруксатсыз төлөм операцияларына каршы аракеттер тууралуу да айтып, өнөктөштөрүнүн тажрыйбасы менен таанышты.
Жыйындын соңунда кеңеш тажрыйба алмашууну улантуу чечимин кабыл алды. Улуттук банктын 2-ноябрда жарыяланган билдирүүсүндө санарип сом долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу айтылып, аны ишке киргизүү күнү жарыяланган эмес.