Улуттук банк аралыктан берилүүчү кредиттердин лимитин 250 миң сомго чейин жогорулатууну сунуштады

Кыргызстандын Улуттук банкы аралыктан берилүүчү кредиттердин лимитин 250 миң сомго чейин жогорулатып, каражаттарды максаттуу пайдаланууну ырастоону жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.

Кыргызстандын Улуттук банкы насыяларды аралыктан алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү жана кардарларды коргоо талаптарын өзгөртүүчү кредиттөө эрежелерине түзөтүүлөрдү даярдады. Жөнгө салуучу насыяларды тариздөөнү жөнөкөйлөтүүнү, административдик жүктү азайтууну жана ошол эле учурда кредиттик алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүнү көздөйт. Долбоор коомдук талкууга чыгарылды, деп билдирет Economist.kg.

Карыз алуучуну аралыктан идентификациялоодо жаңы лимиттерди белгилөө сунушталууда. Санариптик идентификатор аркылуу 100 миң сомго чейин, электрондук кол тамганы колдонуу менен 200 миң сомго чейин алууга болот. Эгер каражат товарларды же кызматтарды сатуучуга түз которулса, кредиттин суммасы 250 миң сомго жетиши мүмкүн.

Ошондой эле ички скорингдик баалоонун негизинде таризделүүчү насыялардын чектүү суммасын жогорулатуу пландалууда. Учурда лимит 100 миң сомду түзөт. Жаңы кардарлар үчүн аны 200 миң сомго чейин, ал эми оң кредиттик тарыхы бар туруктуу карыз алуучулар үчүн 250 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.

Карыз алуучулар үчүн акчанын максаттуу пайдаланылышын ырастоо тартибин да жөнөкөйлөтүү пландалууда. Эгер 250 миң сомго чейинки кредит товарларды же кызматтарды сатуучуга түздөн-түз накталай эмес түрдө которулса, отчет талап кылынбайт.

Сунушталган түзөтүүлөр аралыктан кредиттөөнү кеңейтип, кошумча документтердин санын азайтууга тийиш.