Улуттук банк 2030-жылга чейин банктардын минималдык капиталы 5 млрд сомго чейин жогорулатууну сунуштады
Улуттук банк банктардын минималдык капиталы 2030-жылга чейин 5 млрд сомго чейин жогорулатылаарын, системалык маанилүү банктар үчүн 8 млрд сомдук чектин киргизилерин сунуштады.
Улуттук банк коммерциялык банктер үчүн капиталга коюлуучу талаптарды олуттуу күчөтүүнү демилгеледи. Долбоор бардык банктар үчүн минималдык уставдык капиталды 2030-жылга карата 5 млрд сомго, ал эми системалык маанилүү банктар үчүн 8 млрд сомго чейин жогорулатууну карайт.
Регулятор жарыялаган долбоорго ылайык, иштеп жаткан банктарга капиталды этап менен көбөйтүү үчүн беш жыл берилет. Документте төмөнкү график бекитилген:
- 2026-жылдын 1-июлунан — 1 млрд сом;
- 2027-жылдын 1-июлунан — 2 млрд сом;
- 2028-жылдын 1-июлунан — 3 млрд сом;
- 2029-жылдын 1-июлунан — 4 млрд сом;
- 2030-жылдын 1-июлунан — 5 млрд сом.
Жаңы банктар, анын ичинде чет өлкөлүк финансы топторунун филиалдары, түзүлгөндө дароо 5 млрд сомдук капиталга ээ болушу керек. Бул талап токтом кабыл алынгандан кийин арыз берген бардык катышуучуларга тиешелүү болот.
Системалык маанилүү банктар үчүн өзүнчө талаптар бар: алардын минималдык капиталы 2026-жылдын 1-июлунан тартып 8 млрд сомду түзүшү керек. Эгерде банк мындай статус кийинчерээк берилсе, бир жыл ичинде капиталын керектүү деңгээлге чыгарары шарт. Регулятивдик капитал да белгиленген чектен төмөн болбоого тийиш, ал эми системалык банктар үч айдын ичинде норманы камсыз кылууга милдеттүү.
Учурда бул талаптарга өлкөдөгү 3–4 ири банк гана толук жооп берет. Калган банктар олуттуу деңгээлде докапитализация жүргүзүшү керек. Жаңы документ 2023-жылдагы 600 млн сомдук минималдык талапты жокко чыгарат.