Улуттук банк кредиттердин жана банктык кызматтардын наркын чектөө укугуна ээ болушу мүмкүн

Кыргызстандын Улуттук банкы кардарларды коргоо жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн кредиттик чендерди, комиссияларды жана тарифтерди чектөө укугуна ээ болушу мүмкүн.

Кыргызстандын Улуттук банкы каржы рыногун жөнгө салуу эрежелерин өзгөртүүнү сунуштап жатат. Жаңы мыйзам долбоору чектүү чендерди жана комиссияларды киргизүү, кардарларды алдамчылыктан коргоону күчөтүү жана банктардын инвестициялык ыйгарым укуктарын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карайт, деп билдирет Economist.kg.

Учурда банктар жана башка финансылык уюмдар өз кызматтарынын тарифтерин өз алдынча белгилешет. Бирок жөнгө салуучунун баалоосу боюнча, колдонуудагы мамиле кызматтардын калк жана бизнес үчүн жеткиликтүүлүгүн дайыма эле камсыз кыла бербейт.

Мыйзам долбоору Улуттук банкка зарыл болгон учурда комиссияларга, тарифтерге жана кредиттик пайыздык чендерге чектөө коюу укугун берүүнү сунуштайт. Талаптар банктарга, төлөм уюмдарына жана көзөмөлгө алынган башка финансылык компанияларга жайылтылышы мүмкүн.

Ошол эле учурда банктарга туунду компанияларды сатып алуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү пландалууда. Учурда алардын инвестициялары негизинен каржы сектору менен чектелет. Түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин банктар капиталга, тобокелдиктерди башкарууга жана маалыматты ачыкка чыгарууга коюлган талаптарды сактоо менен финансылык эмес багыттарга да каражат сала алышат.

Иштеп чыгуучулар өзгөртүүлөр реалдуу секторго инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө жана кардарлардын финансылык жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет деп эсептешет.