Кыргызстандын Улуттук банкы баанын туруктуулугун сактоо үчүн эсептик ченди 10% га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды

Улуттук банк 2025-жылдын 28-октябрына карата эсептик ченди 10%ге жогорулатуу чечимин кабыл алды. Максат — инфляцияны көзөмөлдөө жана туруктуулукту сактоо.

Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдын 28-октябрына карата эсептик ченди 9.25%тен 10%кежогорулатуу чечимин кабыл алды. Регулятор бул кадамды инфляцияны ооздуктоо жана тышкы экономикалык тобокелдиктердин фонунда финансылык системанын туруктуулугун сактоо максаты менен түшүндүрдү.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери өлкөдөгү инфляция 6.2%, ал эми жылдык көрсөткүч 8.4% деңгээлинде катталды. Баанын өсүшү акырындык менен азык-түлүк товарларынан азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө өтүп жатат. Инфляциянын динамикасына энергия ресурстарынын жеткирүүсүнүн чектелиши, өндүрүш чыгымдарынын өсүшү жана ички суроо-талаптын жогору болушу таасир этүүдө.

Регулятордун баамында, тышкы экономикалык чөйрө геосаясий кырдаалдын белгисиздигинен жана дүйнөлүк баалардын өзгөрүүсүнөн улам туруксуз бойдон калууда.

Эсептик чен боюнча кийинки жыйын 2025-жылдын 24-ноябрына пландалган.