Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ESG принциптерин киргизе баштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ESG принциптерин башкаруу жана операциялык ишмердүүлүккө киргизе баштады. БУУӨП менен биргеликте жол картасы иштелип чыгып, кызматкерлер үчүн окутуу өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы башкаруу процесстерине жана күнүмдүк ишмердүүлүгүнө ESG-ыкмаларын этап-этабы менен интеграциялоону баштады. Регулятор бул кадамды туруктуулукту, ачык-айкындуулукту жана институттук башкаруунун сапатын жогорулатуунун негизи катары карайт.

Экологиялык, социалдык жана башкаруу стандарттарын системалуу түрдө киргизүү максатында Улуттук банк Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы менен биргеликте атайын жол картасын иштеп чыкты. Документ регулятордун башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 26-декабрында бекитилип, ESG-ыкмаларын практикалык ишке ашыруунун негизи болуп калды.

Бекитилген чечимдердин алкагында 20–23-январь күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери үчүн ESG жол картасын саясатка жана операциялык ишмердүүлүккө киргизүүгө арналган адистештирилген окутуу өткөрүлдү. Билим берүү программасы БУУӨПтүн консультантынын колдоосу менен уюштурулуп, борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрүн камтыды.

Тренингге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү Жылдыз Сулайманбекова катышты. Сабактардын жүрүшүндө кызматкерлер ESG стандарттарын колдонуу боюнча эл аралык тажрыйбаны, туруктуу башкаруунун негизги элементтерин, ошондой эле жаңы ыкмаларды регулятордун ишине ырааттуу киргизүү үчүн зарыл болгон практикалык куралдарды изилдешти.