«Мурас Банк» акционерлердин жыйынын өткөрдү
Акционерлердин жыйынында аудит тандоо, юридикалык өзгөртүүлөр жана лицензия алуу планы каралды.
2025-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарындагы (Чыңгыз Айтматов пр., 97/1) ЗАО «Мурас Банк» жаңы кеңсесинде акционерлердин кезексиз жыйыны өттү. Ага банктын негиздөөчүсү жана Байкоочу кеңештин төрагасы Сергей Ентц катышты.
Күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилди:
- көз карандысыз аудит ордун тандоо;
- юридикалык дарек өзгөргөнүнө байланыштуу Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Жыйналыштан кийин негиздөөчү Сергей Ентц Байкоочу кеңеш жана Банктын башкармалыгы менен жолугушуп, алар лицензия алуу үчүн жөнгө салуучу органдарга кайрылууга даярдык тууралуу отчет беришти.
Жолугушууда банктын өнүгүү стратегиясы жана кызматтарды илгерилетүү боюнча маркетингдик ыкмалар талкууланды. Ошондой эле акционер жакында оңдоп-түзөөдөн өткөн банктын жаңы кеңсесин кабыл алды.