Мурас Банк банктык лицензия алуу үчүн арыз тапшырды
Мурас Банк банктык лицензия алуу үчүн акыркы этапка өттү. Лицензия алынгандан кийин банк ишин баштап, санариптик кызматтарды ишке киргизет.
«Мурас Банк» ЖАКнын негиздөөчүсү Сергей Ентц (Sergey Entts) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык каралган уюштуруучулук иштердин экинчи этабын ийгиликтүү аяктап, банктык иш жүргүзүү үчүн лицензия алуу боюнча расмий арыз тапшырганын билдирди.
Экинчи этаптын алкагында регулятор талап кылган негизги шарттар аткарылды. Алардын ичинде — уставдык капиталдын түзүлүшү, ички башкаруу структурасынын жана корпоративдик башкаруу системасынын бекитилиши, ошондой эле негизги кызматкерлерди тандоо жана дайындоо.
Арызды Улуттук банкка тапшыруу менен лицензия алуу процесси акыркы баскычка чыкты. Документтер каралып бүткөндөн жана лицензия алынгандан кийин «Мурас Банк» өз ишин баштайт.
«Лицензияны күтүү мезгилинде банк мамлекеттик жана төлөм системалары менен интеграциялоо иштерин жүргүзөт, мобилдик тиркемени жана интернет-банкингди жеке жана юридикалык кардарлар үчүн ишке киргизүүгө даярдык көрөт», — деди банктын негиздөөчүсү жана директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Ентц.