Мурас Банк брокердик лицензия алууга даярданып жатат
Мурас Банк кызматкерлери квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, баалуу кагаздар менен иштөө үчүн сертификаттарды алгандан кийин брокердик лицензияга документтерди даярдап жатат.
Мурас Банктын жетекчилери жана кызматкерлери Мамлекеттик финкөзөмөлдө квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, баалуу кагаздар менен иштөөнүн бардык багыттары боюнча зарыл болгон сертификаттарды алышты.
Квалификациялык сертификаттарды алуу банктын баалуу кагаздар рыногунда иштөөгө даярдыгынын этаптарынын бири болду. Учурда Мурас Банк брокердик лицензия алуу үчүн документтерди даярдап, тапшырып жатат.
Баалуу кагаздар менен иштөө багытын өнүктүрүү Мурас Банктын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. 2026-жылдын май айында банктык лицензия алгандан кийин уюм жеке жана юридикалык жактар үчүн базалык продукттарды өнүктүрүүгө киришип, ошондой эле инвестициялык кызматтарды көрсөтүү үчүн инфраструктураны даярдоону улантты.
«Мурас Банк» ЖАК 2025-жылдын июнь айында юридикалык жак катары катталган. Анын негиздөөчүсү жана жалгыз акционери — банк тармагында, баалуу кагаздарга инвестиция салууда жана өнүгүп келе жаткан рыноктордогу финансылык долбоорлорду башкарууда 30 жылдык тажрыйбасы бар Сергей Ентц (Sergey Entts). 2026-жылдын май айында Улуттук банк Мурас Банкка банктык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө лицензия берген.