Каржы министрлиги ички мамлекеттик карызды дээрлик 1 млрд сомго көбөйттү
Каржы министрлиги ички карызды көбөйткөнү менен, декабрдагы облигацияларга болгон суроо-талап пландан бир кыйла төмөн болду.
Кыргызстандын ички мамлекеттик карызы кайрадан жогорулады: бир жуманын ичинде ал жаңы гособлигациялардын жайгаштырылышынан улам 916 млн сомго жакын көбөйдү. Ошол эле учурда Каржы министрлиги пландалган суммага караганда кыйла аз каражат тарта алды.
Улуттук банктын жаңыртылган маалыматына ылайык, 5-декабрда жүгүртүүдөгү мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү 294 млрд сомдон 295 млрд сомго чейин жогорулады. Өсүш декабрдагы эки аукциондун жыйынтыгы менен камсыз болду, алар өткөн аптада өткөрүлсө да, статистикада ушул жумада чагылдырылды.
Рынокко эки түрдүү мөөнөттөгү облигациялар сунушталды, бирок реалдуу суроо-талап күтүлгөндөн бир топ төмөн болду:
- 5 жылдык облигациялар боюнча 1.4 млрд сомдук пландалган көлөмгө карата болгону 481 млн сомдук арыз келип түшкөн — жылдык 15.2% менен;
- 10 жылдык кагаздар боюнча 3 млрд сомдук планга карата суроо-талап болгону 434 млн сомду түзгөн — жылдык 16% менен.
Мунун натыйжасында, чогултулган каражаттардын реалдуу көлөмү баштапкы пландан беш эсе аз болуп калды, ал эми ставкалар акыркы айлардагы эң жогорку деңгээлге жетти.