Каржы министрлиги «Кыргыз почтасынын» уставдык капиталындагы үлүшүн 17.1% га чейин көбөйттү

Каржы министрлиги «Кыргыз почтасынын» уставдык капиталындагы үлүшүн 17.1% га чейин көбөйтүп, инвестиция көлөмүн 477.4 млн сомго жеткирди.

Кыргызстандын Каржы министрлиги улуттук почта оператору «Кыргыз почтасы» ААКнын уставдык капиталындагы өз үлүшүн 14.61%дан 17.11%га чейин көбөйттү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Акыркы бүтүмдүн жыйынтыгында министрликке таандык акциялардын саны 791 миңден 954 миңге чейин өстү. Акчалай эквивалентте инвестиция көлөмү 395.9 млн сомдон 477.4 млн сомго жетти.

«Кыргыз почтасынын» көзөмөлдөөчү акция пакети Санариптик өнүгүү министрлигине таандык бойдон калууда. Ага 85.39% капитал, башкача айтканда, 4 млн 626 миң 393 акция же болжол менен 2.3 млрд сом туура келет.