Каржы министрлиги КФБда алгачкы акча аукционун өткөрдү

Минфиндин КФБдагы алгачкы аукциону рынокко болгон ишенимди бекемдеп, ликвиддүүлүктү камсыздап, банктардын кызыгуусун тастыктады.

Кыргызстандын каржы рыногунда маанилүү окуя болду — Каржы министрлиги биринчи жолу Кыргыз фондулук биржасында акча аукциону аркылуу каражаттарды жайгаштырды. Анын жыйынтыгында 24 млрд сомдон 20.3 млрд сом тартылды.

КФБнын маалыматына ылайык, аукциондордун механизми сооданын ачыктыгын жогорулатып, мамлекеттик инструменттерге болгон ишенимди бекемдеп жана катышуучулар үчүн бирдиктүү ликвиддүүлүк борборун түзүшү керек. Алгачкы тажрыйба банктардын жогорку кызыгуусун көрсөттү: 24 млрд сунушталганына карата жалпы суроо-талап 53 млрд сомдон ашты.

Аукциондун жыйынтыктары төмөнкүчө бөлүндү:

  • 12 ай: көлөмү 4 млрд, суроо-талап 4.7 млрд, жайгаштырылды 3.6 млрд 10.05%–12.2% чегинде;
  • 24 ай: 8 млрд жарыяланса, суроо-талап 15.1 млрд, жайгаштырылды 4.7 млрд 11%–12.7% чегинде;
  • 36 ай: суроо-талап 33.6 млрд, лимит 12 млрд, жайгаштырылды 12 млрд 13.1% менен.

КФБнын директорлор кеңешинин төрагасы Талантбек Омуралиев аукциондорду баштоо фонддук рынокту өнүктүрүүдөгү стратегиялык кадам экенин, ал инвесторлор менен эмитенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

КФБнын пландарынын арасында инструменттердин спектрин кеңейтүү, соода инфраструктурасын модернизациялоо жана инвесторлордун катышуусун жогорулатуу бар. Биржа Кыргызстан экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүп, каржылоону тартуунун негизги аянтчасы катары өз ордун чыңдоого умтулууда.