Кыргызстандын эл аралык резервдери 10 млрд доллардан ашты
2026-жылдын январында Кыргызстандын эл аралык резервдери 10 млрд доллардан ашып, тарыхый рекордду жаңылады.
2026-жылдын башында Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү алгач ирет 10 млрд доллардан ашып, тарыхый рекорд жаратты. Регулятордун маалыматына ылайык, 2002-жылдан бери бул көрсөткүч 30 эседен ашык өскөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статистикасына ылайык, 2002-жылдын январында өлкөнүн валдык эл аралык резервдери 285 млн долларды түзгөн. 2025-жылдын аягында алардын көлөмү 8 млрд 600 млн долларга жетсе, 2026-жылдын январында бул көрсөткүч биринчи жолу 10 млрд доллардан ашты.
Ошол эле мезгилде резервдердин ликвиддүү бөлүгү 236 млн доллардан 8 млрд 500 млн долларга чейин өстү. Өсүш узак мөөнөттүү туруктуу мүнөзгө ээ болуп, 2008–2009 жана 2014–2016-жылдардагы айрым төмөндөө мезгилдерине карабастан сакталган. Айрыкча активдүү топтолуу 2020-жылдан кийин башталып, беш жыл ичинде резервдердин көлөмү үч эседен ашык көбөйгөн.
Жаңы рекорд тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков да Улуттук банктын төрагасына шилтеме жасап билдирди. Анын айтымында, эл аралык резервдердин эки орундуу деңгээлге чыгышы өлкө үчүн олуттуу жетишкендик болуп саналат жана аны өнүккөн экономикалардын көрсөткүчтөрүнө жакындатат.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын аягына салыштырмалуу 2026-жылдын январында резервдердин өсүшү 16.3%ды түзгөн. Эл аралык резервдер АКШ долларына чет элдик валюталардын кыргыз сомуна карата расмий курстары боюнча кайра эсептелет.