Кыргызстандын эл аралык резервдери $7,955 млрдга жетти

Улуттук банктын эл аралык резервдери рекорддук деңгээлге жетип, $7,955 млрдды түздү. Бир жыл ичинде $3,02 млрдга көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эл аралык резервдери өсүүнү улантууда жана октябрь айынын аягында $7,955 млрдга жетти. Бул өлкө тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Бир жыл ичинде резервдердин көлөмү $3,02 млрдга көбөйүп, 2024-жылдын октябрындагы $4,934 млрддан жогорулады.

Улуттук банктын маалыматына караганда, ликвиддүү резервдердин бөлүгү, башкача айтканда, валюталык интервенциялар жана тышкы милдеттенмелерди жабуу үчүн колдонулуучу каражаттар, $4,86 млрддан $7,883 млрдга чейин өстү.

Өсүү тенденциясы жай айларынан бери байкалууда:

  • 2025-жылдын июну — $6,508 млрд;
  • август — $6,885 млрд;
  • сентябрь — $7,553 млрд;
  • октябрь — $7,955 млрд.

Демек, төрт ай ичинде эл аралык резервдер дээрлик $1,5 млрдга көбөйдү.