Кыргызтелеком 83.4 млн сомдук акцияларды жайгаштырды

Кыргызтелеком 83.4 млн сомдук акцияларды ийгиликтүү жайгаштырды. Түшкөн каражат компаниянын капиталын жана тармактын өнүгүшүн күчөтүүгө багытталат.

Өлкөнүн эң ири телекоммуникациялык оператору — Кыргызтелеком — Кыргыз фондулук биржасында 83.4 млн сомдук акцияларды ийгиликтүү жайгаштырды, бул дээрлик 1 млн АКШ долларына барабар. Бул октябрь айындагы рыноктогу эң ири келишимдердин бири болуп, компаниянын уставдык капиталын көбөйтүү алкагында өткөрүлдү.

КФБнын маалыматына караганда, 22-октябрда биринчи рынокто 14 млн 183 миң 978 жөнөкөй акция ар бири 5.88 сомдон сатылган. Түшкөн каражат уставдык капиталды көбөйтүү максатында пайдаланылат. Мындай чечимди компаниянын акционерлери 25-июлдагы өзгөчө жыйында кабыл алышкан. Кошумча эмиссиядан кийин Кыргызтелекомдун уставдык капиталы 1 млрд 323.5 млн сомго жетет.

Ошол эле күнү, 22-октябрда, Кыргыз фондулук биржасындагы жалпы соода көлөмү 83.97 млн сомду түзгөн, анын ичинен 83.43 млн сом дал ушул Кыргызтелекомдун акцияларына туура келди. Калган операциялар төмөнкүчө бөлүнгөн:

  • «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын акциялары — 2.7 миң сом;
  • «Элет-Капитал» ЖАКтын облигациялары — 100 миң сом;
  • «АБН Микрофинансылык компаниясы» ААКнын баалуу кагаздары — 429.87 миң сом.