Кыргызстан дүйнөдө алгачкы болуп алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин — USDKGни ишке киргизди

Кыргызстан дүйнөдө алгачкы болуп алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин USDKG чыгарды. Эмитент — Каржы министрлигине таандык уюм.

Кыргызстан алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин USDKGни чыгарган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. Жаңы санариптик активди Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы каттап, анын эмитентинин жалгыз акция ээси Каржы министрлиги болуп саналат.

USDKG «Виртуалдык активдердин эмитенти» ААК тарабынан чыгарылган жана толугу менен Каржы министрлигине таандык. Токен АКШ долларына теңдештирилген (1 USDKG = 1 доллар) жана мамлекеттик көзөмөлдөгү алтын резервдери менен камсыздалган.

Маалыматка ылайык, стейблкоин баалуу металлдын ишенимдүүлүгүн жана блокчейн технологиясынын ачыктыгын айкалыштырып, аны Кыргызстан үчүн гана эмес, дүйнөлүк санарип экономикасы үчүн да уникалдуу каржылык инструментке айлантат.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, USDKG долбоору санарип сом жана KGST стейблкоиндемилгелери менен байланыштуу эмес жана алар өз алдынча Улуттук кеңештин алкагында өнүгүүдө.

USDKGнин биринчи эмиссиясы жана борборлоштурулган жана борборлошпогон аянтчаларда листингге чыгуу жакынкы күндөргө пландалууда. Министрлик белгилегендей, ишке кирер алдында механизм, көлөм жана жайгаштыруу датасы боюнча өзүнчө билдирүү жарыяланат.