Кыргызстан улуттук валютасы сом менен камсыздалган биринчи мамлекеттик стейблкоин USDKGни ишке киргизди

Кыргызстан Каржы министрлиги сом менен камсыздалган биринчи мамлекеттик стейблкоин USDKGни чыгарды. Эмиссияны Госфиннадзор каттады.

Кыргызстандын Каржы министрлиги өлкө тарыхында алгачкы жолу мамлекеттик стейблкоин — USDKGчыгарды. Анын эмиссиясын Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Госфиннадзор) 2025-жылдын 27–31-октябрынын аралыгында расмий реестрге киргизүү менен тастыктады.

USDKG чыгарууну «Виртуалдык активдердин эмитенти» аттуу компания ишке ашырган. Ал 2024-жылдын декабрында катталып, 2025-жылдын январында кайра каттоодон өткөн. Уюмдун жалгыз негиздөөчүсү Каржы министрлиги, бул долбоорду Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик санариптик активи кылып көрсөтөт.

USDKG — кыргыз сомуна байланыштырылган улуттук стейблкоин, ал эсептешүүлөрдө, мамлекеттик активдерди токенизациялоодо жана санариптик каржы инструменттерин өнүктүрүүдө колдонулат.

«Ачык бюджет» порталынын маалыматына ылайык, эмиссия чыгымдары 438 480.75 сомду түзүп, бул сумма бюджетке каттоо төлөмү катары которулган.