Кыргызстан 50 миллион USDKG алтын менен камсыздалган стейблкоин чыгарды
Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG аттуу мамлекеттик стейблкоин чыгарды. Эмиссиянын көлөмү 50,1 млн долларды түздү.
Кыргызстанда алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин USDKGнин биринчи чыгарылышы расмий түрдө катталды. Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, жалпы эмиссия көлөмү 50 млн 140 миң 738 токенди түздү, ар бири 1 АКШ долларына барабар.
Жалпы эмиссиянын көлөмү 50,1 миллион долларды, же 4,38 миллиард сомду түздү. USDKGнин эмиссиясы2025-жылдын 31-октябрында Виртуалдык активдердин мамлекеттик реестринде катталган.
Бул стейблкоиндин эмитенти — «Виртуалдык активдердин эмитенти» ачык акционердик коому, аны Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги түзгөн. Демек, USDKG — өлкөнүн алтын резервдери менен камсыздалган алгачкы мамлекеттик санарип активи болуп эсептелет.