Кыргызстан фондулук рыногун өнүктүрүү үчүн Москва биржасы менен кызматташууну күчөтүүдө

Кыргызстан Москва биржасы менен кызматташууну күчөтүп, финансы рыногунун инфраструктурасын жана баалуу кагаздар секторун өнүктүрүүнү көздөйт.

Кыргызстандын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 24-мартта Москва биржасы жана Эл аралык биржалар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөр инфраструктураны модернизациялоого жана өлкөнүн финансы рыногун өнүктүрүүгө арналды.

Негизги басым практикалык кызматташууга жана соода аянтчаларынын натыйжалуулугун жогорулатып, баалуу кагаздар рыногун бекемдей турган заманбап чечимдерди киргизүүгө жасалды.

Талкуулардын жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын белгилешти:

  • биржалык инфраструктурага санарип технологияларды киргизүү;
  • сооданын жана отчеттуулуктун ачыктыгын жогорулатуу;
  • тобокелдиктерди башкаруу инструменттерин өнүктүрүү;
  • рыноктун туруктуу ликвиддүүлүгүн камсыз кылуу;
  • эл аралык стандарттарды эске алуу менен жөнгө салууну өркүндөтүү.

Финкөзөмөлдүн төрагасы Кайрат Маматов заманбап биржалык экосистеманы түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, ири эл аралык аянтчалар менен тажрыйба алмашуу улуттук финансы секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.