Кыргызстан MUFG Bank менен инфраструктуралык мегадолбоорлорду колдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Каржы министрлиги MUFG Bank менен энергетика, транспорт жана каржы тармагында инвестиция тартуу жана өнөктөштүк боюнча сүйлөштү.
Бишкекте Кыргызстандын Каржы министрлигинин Япониянын дүйнөдөгү ири каржылык институттарынын бири болгон MUFG Bank жетекчилиги менен жолугушуусу болду. Күн тартибинде – стратегиялык өнөктөштүктүн келечеги жана экономиканын негизги тармактарына инвестиция тартуу маселеси.
Каржы министри Алмаз Бакетаев орун басары, Борбордук казыналыктын директору Умутжан Аманбаев жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурлан Акжолов менен бирге жапон тарап менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Приоритеттүү багыттар катары төмөнкүлөр белгиленди:
- өлкөдөгү эң ири гидроэнергетикалык долбоор – Камбар-Атин ГЭС-1;
- Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жолунун курулушу;
- каржы секторун мындан ары өнүктүрүү жана экономиканын туруктуулугун чыңдоо.
Бакетаев жүргүзүлүп жаткан реформаларга көрсөткөн колдоосу үчүн MUFG Bankка ыраазычылык билдирди жана Кыргызстан узак мөөнөттүү, өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында банк делегациясы өлкөгө чакырылып, инвестициялык чечимдерди тереңирээк талкуулоо пландалды.