Кыргызстан бюджеттик чыгымдар үчүн карыз алуудан баш тартып, 2026-жылы евробонддорду пландаган жок
Кыргызстан карыз саясатын өзгөртүп, бюджеттик чыгымдар үчүн карыз алуудан жана 2026-жылы евробонддорду жайгаштыруудан баш тартууда.
Кыргызстан мамлекеттик карыз алуу ыкмасын өзгөртүп жатат: бийлик мындан ары бюджетти колдоо, социалдык төлөмдөр жана айлык акы үчүн кредит албайт. Жаңы карыздар экономикалык кайтарымы бар реалдуу сектордогу долбоорлор үчүн гана тартылат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, мурда мамлекет бюджеттик муктаждыктарды жабуу үчүн, өзгөчө жыл башында, каражат карыз алууга мажбур болуп келген. Азыр мындай практика токтотулду.
Амангельдиев карыздын туруктуулугу экономиканын өсүшү жана ИДПнын көбөйүшү менен түз байланышта экенин белгиледи. Анын айтымында, азыркы көрсөткүчтөр Кыргызстанга көбүрөөк карыз алууга мүмкүнчүлүк берет, бирок Министрлер кабинети жаңы карыздарды кайтарымдуу экономикалык натыйжа бере алган долбоорлор менен атайылап чектеп жатат.
2026-жылы Кыргызстан евробонддорду жайгаштырууну да пландаган жок. Бийлик карыз саясатынын башка принцибине басым жасоодо: карыз каражаттар учурдагы керектөөгө эмес, конкреттүү экономикалык жактан өзүн актаган демилгелерге багытталышы керек.
Ыкманы өзгөртүүгө негизги макрокөрсөткүчтөрдүн өсүшү шарт түздү. Өлкөнүн ИДПсы 2 трлн сомдон ашты, ал эми бюджет 1 трлн сомго жакындады. Министрлер кабинетинин баалоосунда, бул тышкы кредиторлорго көз карандылыкты азайтып, мамлекеттик финансынын туруктуулугун жогорулатат.
Мамлекет ошондой эле ички капитал рыногун өнүктүрүүгө үмүт артууда. Акыркы жылдардагы реформалар банктык депозиттерде турган каражаттар өлкө ичинде мамлекеттик облигациялар жана реалдуу секторду каржылоонун башка инструменттери аркылуу активдүүрөөк иштешине багытталган.