Кыргызстан АӨБ менен 100 млн доллар каржылоону талкуулап жатат
Кыргызстан АӨБ менен 100 млн доллар каржылоо боюнча сүйлөшүп жатат жана анын 50 млн долларын туризмди өнүктүрүүгө багыттоону пландоодо.
Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 100 млн доллар тартууну көздөп жатат. Анын 50 млн долларын туризмге багыттоо пландалууда. «Акчабардын» маалыматына караганда, каражат тартуу ишине Каржы министрлиги катышууда.
Каражаттын бир бөлүгүн туристтик объектилерди жана жайгаштыруу жайларын өнүктүрүүгө, саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды курууга жана ишканалардын жүгүртүү каражатын толуктоого пайдалануу пландалууда.
Жеңилдетилген насыялоо программасынын шарттарын 25-ноябрда журналисттер менен жолугушууда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов тааныштырды. Анын айтымында, чакан жана орто бизнеске берилген насыялардын жалпы көлөмүнүн 1%ына жетпеген бөлүгү туризмге туура келет.
Ишин жаңы баштаган ишкерлерге жылдык 3,5% менен күрөөсүз насыя берүү сунушталууда. Саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды курууга чен 5%, ал эми иштеп жаткан ишканалардын жүгүртүү каражатын толуктоого 7% болушу мүмкүн. Туризм тармагында иштеген аялдарга жана 40 жашка чыга элек ишкерлерге артыкчылык берүү пландалууда.