Кыргызстан инвестициялардын агымын 2025-жылы 560 млн долларга жеткирди
Кыргызстанга 2025-жылы келген инвестициялар 21% көбөйүп, 560 млн доллардан ашты. Мыйзамдардын жаңыланышы жана стабилизациялык режим инвестклиматты жакшыртты.
Кыргызстанга келген чет өлкөлүк инвестициялар 2025-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 21% өсүп, 560 млн доллардан ашты. Бул тууралуу Евробонддорго арналган форумда Улуттук инвестициялар агенттигинин төрага орун басары Дамирбек Бикулов билдирди.
Анын айтымында, инвестициялык климаттын жакшырышы түздөн-түз мыйзамдардын жаңыртылышы менен байланышкан. Август айында инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу мыйзамдарга төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилген:
- инвесторлордун мүлктүк укуктарын коргоо күчөтүлдү;
- юридикалык аныктаманы жакшырта турган “репреприяция” жана “интерпретация” эл аралык терминдери киргизилди;
- мыйзам нормаларын бирдиктүү түшүндүрүү механизми камсыздалды.
Бикулов белгилегендей, инвестор өлкөдөгү эрежелерди так түшүнүп, өз салымдарынын корголушуна ишениши зарыл.
Инвесторлор үчүн дагы бир маанилүү артыкчылык — мыйзам менен бекитилген стабилизациялык режим. Ал долбоордун бүт мөөнөтүнө — 10 жылдан 49 жылга чейин — ылайыктуу салык системасын тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Кийин өзгөргөн салык нормалары мурда түзүлгөн инвестициялык келишимдерге таасир этпейт.
Ошону менен бирге, агенттик инвесторлорго “бирдиктүү терезе” моделин ишке киргизип жатканы айтылды. Бул мамлекеттик органдар менен байланыш процессин жөнөкөйлөтүп, административдик чыгымдарды азайтат.