Кыргызстан санарип сомду ишке киргизүүгө жана банктарга виртуалдык активдер менен иштөөгө даярданууда
Кыргызстан санарип сомду тестирлөөнү жана банктарга виртуалдык активдер менен иштөөгө уруксат берүүнү пландап жатат. Долбоор Улуттук банктын көзөмөлүндө жүргүзүлөт.
Кыргызстандын каржы секторунда санариптик трансформациянын жаңы этабы башталууда. Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук кеңештин экинчи жыйынында президент Садыр Жапаров санарип сомду тестирлөө жана банктарга виртуалдык активдер менен иштөөгө уруксат берүүдемилгелерин колдоду.
Виртуалдык активдерди өнүктүрүү боюнча секретариаттын жетекчиси Фархат Иминовдун айтымында, коммерциялык банктарга Улуттук банктын көзөмөлүндө убактылуу түрдө санариптик активдер боюнча операция жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Пилоттук долбоор төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- санариптик инструменттерди банк системасына интеграциялоо механизмин текшерүү;
- криптоактивдерди колдонуудагы коркунучтар жана артыкчылыктарды баалоо;
- коопсуздуктун бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгуу.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдиргендей, Build Block TECH менен биргеликте иштелип чыккан санарип сом платформасынын демонстрациялык версиясы даяр болду. Прототип жабык блокчейнде иштейт жана негизги операцияларды — токен чыгаруу, өчүрүү жана колдонуучулар ортосундагы которууларды — колдойт.
Пилоттук долбоор үч этап менен ишке ашырылат:
- Улуттук банкта инфраструктураны орнотуу жана коммерциялык банктарды туташтыруу;
- мамлекеттик жана социалдык төлөмдөр үчүн Борбордук казынаны интеграциялоо;
- оффлайн төлөмдөрдү тестирлөө.
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, реформанын негизги максаты — ачык, коопсуз жана заманбап санарип экосистемасын түзүү, ал өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн арттырып, санариптик эгемендүүлүгүн бекемдейт.