Кыргызстан Binance компаниясынын катышуусу менен санарип сомду сыноого даярданууда
Кыргызстан санарип сомду ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду баштоодо. Binance бул долбоорго колдоо көрсөтүп, санарип экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Кыргызстандын санарип сомун — болочок мамлекеттик электрондук валютаны — сыноонун биринчи этабына даярдык аяктап жатат. Реалдуу маалыматтар менен системаны текшерүү жакынкы күндөрдө башталат деп Президенттик администрация билдирди.
Санарип сом Улуттук банк жана Виртуалдык активдер менен блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын катышуусунда иштелип чыгууда. Платформа учурда тесттик режимде иштеп, өлкөнүн финансылык системасын санарип трансформациялоонун бир бөлүгү болот.
Сомго байланган жаңы KGST активи өлкө ичинде жана эл аралык базарда эсептешүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында түзүлүүдө.
Президент Садыр Жапаров Binance компаниясынын глобалдык маркетинг директору Рейчел Конлан менен санарип экономикасынын өнүгүшүн талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгында компания Кыргызстанга санарип сомду ишке киргизүүдө, санарип экосистеманы өнүктүрүүдө жана адистерди даярдоодо колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Binance дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө блокчейн чечимдерин ишке ашыруу тажрыйбасына ээ жана Кыргызстанды жаңы финансылык инструменттерди өнүктүрүүдө колдоого ниеттенүүдө. Жазында Binanceнегиздөөчүсү Чанпэн Чжао Бишкекке келип, санарип активдер боюнча президенттин кеңешчиси болгон.