Кыргызстанда 2024-жылы криптовалюта рыногу классикалык баалуу кагаздардан ашып түштү

2024-жылы Кыргызстандагы крипторыноктун жугуртмосу 587,3 млрд сом болуп, фондулук рыноктон 2,5 эсе жогору чыкты.

2024-жылы Кыргызстандагы криптосектордун жугуртмосу криптообменниктер жана криптобиржалар аркылуу 587,3 млрд сомго жетип, фондулук рыноктун 226,8 млрд сомдук көлөмүнөн 2,5 эсе жогору болду. 2022-жылы бул көрсөткүч болгону 5,2 млрд сом болгон.
Негизги жугуртмону криптообменниктер камсыздайт. 2024-жылдын аягында алардын саны 2 эсе көбөйүп, 129га жетти, өткөн жылы болсо 64 эле. Криптобиржалардын саны да 3төн 8ге чейин өстү, бирок алардын үлүшү аз бойдон калууда — 3,6% же 21,1 млрд сом. Бул 2023-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик 2 эсе жогору.
Криптоиндустрия мамлекеттик бюджетке да киреше алып келди. 2024-жылы тармактан түшкөн салыктык кирешелер 227 млн сомду түздү. Анын ичинен 125 млн сомду виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүчүлөрү берген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 71% көп. Майнинг компанияларынан 102 млн сом түшкөн.
EVDE биржасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Шабданов белгилегендей, криптовалюта рыногу акырындык менен реалдуу экономика менен интеграцияланып жатат. Анын айтымында, Кыргызстан бул тармакты стратегиялык негизде өнүктүрүшү зарыл, ошондо криптовалюта аркылуу инвестициялар узак мөөнөттүү пайда алып келет.