2025-жылдын тогуз айында насыя берүүлөр 43%га көбөйдү
Кыргызстанда 2025-жылдын январь–сентябрь айларында насыя берүүлөрдүн көлөмү 43%га өстү. Негизги үлүштү керектөөчү насыялар түздү.
Кыргызстандын коммерциялык банктары тарабынан берилген насыялардын көлөмү 2025-жылдын январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча 43%га өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ)аналитиктери билдиришип, насыя берүүнүн өсүү темпи өткөн жылдагы 35%дык көрсөткүчтөн жогору экенин белгилешти.
Насыя портфелинин өсүшүнө эң чоң салым керектөөчү насыялардан келип, алар 30.7 пайыздык пункттункөбөйүшүн камсыз кылды.
Мындай насыялар боюнча орточо пайыздык чен 2025-жылдын январь–август айларында 21.5% болуп, бул өткөн жылдагы мезгилге салыштырмалуу 2 пунктка төмөн болду.
ЕАӨБ эксперттеринин айтымында, насыя берүүнүн кеңейиши ички суроо-талапты стимулдаштырууда маанилүү ролду ойноп, бизнес активдүүлүгүнүн жана калктын кирешелеринин өсүшүнүн фонунда экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.