Кредит алууга өзүн-өзү тыюу коюунун саны 46 миңден ашты
Кыргызстанда 46 миңден ашык жаран «Түндүк» аркылуу кредит алууга өзүн-өзү тыюу коюп, алдамчылыктан коргоону күчөттү.
Алдамчылыктан коргоонун жаңы механизминин алгачкы үч жумасында Кыргызстанда 46.7 миң жаран«Түндүк» мамлекеттик порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүн-өзү тыюу койду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
1-ноябрдан тартып өлкөдө жарандарга өз атына насыя алууга мүмкүнчүлүктү ыктыярдуу түрдө бөгөт коюуга жол берген санариптик механизм иштеп жатат. Президент 30-июлда кол койгон мыйзам дал ушул алдамчылык схемалардан коргоону күчөтүү максатында кабыл алынган.
Кызматтын техникалык ишке ашырылышын Санариптик өнүгүү министрлиги Улуттук банк менен бирге камсыздады. «Өзүн-өзү тыюу» — өлкөдөгү бардык банктар жана микрокаржылык уюмдар боюнча кредиттерге санариптик чектөө киргизген акысыз функция.
Өзүн-өзү тыюу коюунун тез өсүшү жарандардын санариптик коопсуздук инструменттерине болгон жогорку суроо-талабын көрсөтүүдө. Өкмөт бул механизм калктын каржылык коопсуздугунун маанилүү бөлүгүнө айланат деп күтүүдө.