Кыргызстанда банк карталарынын саны 9 млн га жетти

Кыргызстанда банк карталарынын саны 2020–2024-жылдары 3 млн дан 9 млн га чейин өсүп, банкоматтардын саны 2 529 га жетти.

Кыргызстанда төлөм карталарынын рыногу тез өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдан 2024-жылга чейин жүгүртүүдөгү банк карталарынын саны 2.7 эсеге көбөйүп, 5 жыл мурдагы 3 млн картадан 9 млн картага жетти.

Эң жогорку өсүш борбор калаада катталды. Бишкекте карталардын саны 3.8 эсеге өсүп, 1 млн дан 5 млн га чейин көбөйдү. Ошентип, борбор калаа өлкөдөгү банк карталарын чыгаруунун негизги борбору бойдон калууда.

Ошол эле учурда накталай эмес төлөмдөр үчүн инфраструктура да кеңейүүдө. Өлкө боюнча банкоматтардын саны 2020-жылдагы 1 856 түзмөктөн 2024-жылы 2 529 түзмөккө чейин көбөйдү. Алардын ичинен 853 банкомат Бишкекте жайгашкан.

Инфраструктуранын кеңейиши жана карталардын санынын өсүшү төлөмдөрдүн санариптешүүсүнүн тездешин жана Кыргызстандын экономикасынын накталай эмес эсептешүүлөргө акырындык менен өтүп жатканын көрсөтөт.