Кикшеринг акциялары соодада лидер болду: самокат сервиси банктарды жана аэропортторду артта калтырды
Кыргызстандагы фондулук рынокто кикшеринг акцияларынын жогорку соода активдүүлүгү тууралуу сереп.
Ноябрь айында Кыргызстандагы акциялардын экинчи рыногунда кикшеринг компаниясынын баалуу кагаздары соода көлөмү боюнча аэропорттордун, банк секторунун жана мунай-газ тармагынын акцияларынан ашып түштү.
«Кыргызстандын фондулук биржасы — БТС» ЖАКтын маалыматына ылайык, ноябрь айында аянтчада 30дан ашык бүтүм түзүлүп, жалпы сумма 23 млн сомду түздү. Жүгүртүүнүн негизги бөлүгүн беш эмитенттин акциялары камсыз кылды, алардын ичинен эң жогорку активдүүлүк «Кикшеринг Борбордук Азия» ААКтынакцияларына туура келди.
Рынокто негизинен компаниянын артыкчылыктуу акциялары соодаланды. Бүтүмдөрдүн баасы 800 сомдеңгээлинде сакталып, экинчи рыноктогу жүгүртүү 3 млн сомго жакындады. Ай ичинде көлөмү 1 миң 250 акциядан турган бир нече ири бүтүм жасалып, бул эмитентти жүгүртүү боюнча биринчи орунга чыгарды.
Салыштыруу үчүн, «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын акциялары операциялардын саны боюнча лидерлигин сактаган, бирок акчалай көлөмү боюнча кыйла артта калды. Алардын жүгүртүүсү 917 миң сомдонбир аз ашып, акциянын баасы 540–550 сом диапазонунда болду.
Башка эмитенттер боюнча активдүүлүк төмөн болду:
- Кыргызнефтегаздын акциялары 43 миң сомго соодаланып, 178 даана баалуу кагаз 245 сомдон сатылды;
- Мбанк акциялары боюнча жүгүртүү дээрлик 44 миң сомду түзүп, 1 миң 520 акция 28 сомдон сатылды.