КФБ Шанхайдагы форумда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды
Кыргыз фондулук биржасы Шанхайдагы форумда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, санариптик долбоорлорду жана ESG-каржылоонун жыйынтыктарын тааныштырды.
Кыргыз фондулук биржасы 7-10-июнь күндөрү Шанхай шаарында өтүп жаткан FEAS Days in China эл аралык форумунда Кыргызстандын капитал рыногунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.
КФБнын башкы директору Аида Чодулова Борбор Азияга арналган сессияда сөз сүйлөдү. Ал өлкөнүн фондулук рыногунун өнүгүшү, биржалык инфраструктураны санариптештирүү жана инвестицияларды тартуунун жаңы инструменттери тууралуу маалымат берди.
Чодулованын айтымында, бүгүнкү күндө КФБ көп функционалдуу каржы институту катары өнүгүп жатат. Корпоративдик баалуу кагаздар рыногунан тышкары, биржа мамлекеттик облигациялар жана векселдер менен иштеп, ошондой эле товардык-чийки зат секторун өнүктүрүүдө.
Негизги долбоорлордун бири катары 2026-жылы баалуу металлдардын санариптик биржалык соодасынын улуттук механизмин ишке киргизүү белгиленди. Форумдун катышуучулары өзгөчө Кыргызстандын баалуу металлдар рыногуна кызыгуу көрсөтүштү.
Форумда ESG-каржылоонун өнүгүү жыйынтыктары дагы сунушталды. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда туруктуу облигацияларды жайгаштыруунун көлөмү дээрлик $15 млн түздү.
FEAS Days in China Европа жана Азиядагы алдыңкы фондулук аянтчалардын өкүлдөрүн бириктирди. Катышуучулардын арасында Сингапурдун, Малайзиянын, Индонезиянын, Омандын, Армениянын, Түндүк Македониянын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн биржалары болду.