КФБ жана AIX кызматташуу тууралуу макулдашты
Кыргыз фондулук биржасы жана Astana International Exchange биржалык инфраструктура, листинг, клиринг жана финансылык продукттар боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Кыргыз фондулук биржасы жана «Астана» эл аралык каржы борборунда иштеген Astana International Exchange өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Макулдашуу Astana Finance Days 2026 эл аралык форумунун алкагында түзүлгөнүн «Акчабар» билдирет.
Документке КФБ тараптан башкы директор Аида Чодулова, AIX тараптан каржы директору Жарас Муссабеков кол койду.
Кызматташуу биржалык инфраструктура, аналитика жана финансылык продукттар тармагында тажрыйба жана маалымат алмашууну көздөйт. Тараптар ошондой эле мыйзамдар жана жөнгө салуу, листинг, соода уюштуруу, депозитардык операциялар, клиринг жана эсептешүүлөр боюнча өз ара аракеттенүүнү пландап жатышат.
КФБ меморандум Кыргызстан менен Казакстандын рынокторунун тыгыз кызматташуусуна негиз түзүп, эки өлкөнүн брокердик компаниялары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет деп эсептейт.