Кыргызстандын финансы секторунун капиталы дээрлик эки эсе өсүп, 571 млрд сомго жетти

2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын финансы секторунун капиталы дээрлик эки эсеге өсүп 571 млрд сомго, ал эми пайдасы 105 млрд сомго жетти.

Кыргызстандын финансы системасы 2025-жылды капиталдык базанын кескин бекемделиши менен жыйынтыктады. Сектордогу уюмдардын жалпы капиталы дээрлик 2 эсеге көбөйүп, 571 млрд 600 млн сомго жетти, бул бүтүндөй тармактын туруктуулугу кыйла жогорулаганын көрсөтөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы республикада 576 финансы уюму иштеген. Алардын катарында Улуттук банк, 22 коммерциялык банк, 532 банктык эмес финансы-кредиттик уюм, 19 камсыздандыруу компаниясы жана 2 инвестициялык фонд болгон. Ошол эле учурда кардарлар базасы да кеңейди: кардарлардын саны 25 млнго жетип, бул өткөн жылга салыштырмалуу 43%га көп болду. Буга мобилдик банкингдин, онлайн-кредиттөөнүн жана камсыздандыруу сервистеринин өнүгүшү түрткү берди.

Сектордун финансылык жыйынтыктары да кыйла жакшырды. Жалпы кирешенин көлөмү 253 млрд сомдон ашып, 2024-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 27.4%га өстү. Чыгашалар 147 млрд сомду түздү, ал эми жыйынтык пайда 105 млрд сомго жетип, былтыркы көрсөткүчтөн 23%га жогору болду. Пайданын өсүшүнө эң чоң салымды Улуттук банк кошту, ал эми кирешенин эң ири көлөмү салттуу түрдө 220 млрд сом тапкан коммерциялык банктарга туура келди.

Финансы секторунун кредиттик портфели жыл аягына карата 574 млрд сомго чейин өстү. Бул көлөмдүн 88%ы коммерциялык банктарга туура келди. Кредиттөөнүн эң ири багыттары болуп керектөө насыялары эсептелди, алардын үлүшү болжол менен 37%ды түздү, соода 23%, айыл чарба 10.5% жана ипотека 10% болду.