Баалуу кагаздар рыногунун профучастылары үчүн капитал талаптары жаңыртылды

Кабмин баалуу кагаздар рыногунун профучастылары үчүн капитал жетиштүүлүгүнүн жаңы талаптарын бекитти. Жогорулатылган нормалар 2028-жылга чейин этап менен киргизилет.

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногу үчүн иштеген компаниялардын өз капиталдарынын жетиштүүлүгүнө коюлуучу жаңы нормалар бекитилди. Документ уставдык капиталдын жогорулатылган минималдык чектерин киргизип, 2027–2028-жылдарга чейин этап-этабы менен өтүүнү карайт.

2025-жылдын 8-декабрындагы №787-токтому менен Кабинет жаңы Положение бекитти. Регулятордун айтымында, өзгөртүүлөр фондулук рыноктун туруктуулугун күчөтүү жана 2011-жылдан бери колдонулуп келген нормативдерди жаңыртуу үчүн зарыл болгон.

Жаңы талаптар уставдык капиталды эки мөөнөттө жогорулатууну камтыйт:

  • инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу: 2027-жылга чейин 10 млн сом, 2028-жылга чейин 15 млн сом;
  • дилерлер: 2027-жылга чейин 3 млн сом, 2028-жылга чейин 5 млн сом;
  • реестрдеги маалыматты жүргүзүүчүлөр: 2027-жылга чейин 4 млн сом, 2028-жылга чейин 6 млн сом;
  • инвестициялык фонддор: 2027-жылга чейин 2 млн сом, 2028-жылга чейин 3 млн сом.

Жаңы эрежелер токтом расмий жарыялангандан жети күндөн кийин күчүнө кирет.