Уланбек Момбеков Мурас Банктын командасына кошулду
Банк иши, аудит жана корпоративдик башкаруу боюнча 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар адис Уланбек Момбеков Мурас Банктын Директорлор кеңешинин курамына кирди.
Банк иши, аудит жана корпоративдик башкаруу боюнча 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар адис Уланбек Момбеков Мурас Банктын Директорлор кеңешинин курамына кирди. Анын негизги эксперттик чөйрөлөрүнө банк аудити, тобокелдиктерди башкаруу, стратегиялык пландаштыруу жана корпоративдик башкаруу кирет.
Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча бүтүргөн жана Эл аралык аудит стандарттары (МСА), ФОЭС, ички контроль жана корпоративдик башкаруу, банк бюджети боюнча окууну аяктаган.
Момбеков КР Каржы министрлигинде иштеп, «Айыл Банкта» жетекчилик кызматтарды аркалаган, «АУБ-Агро» микрофинансы уюмун жана «Элдик турак жай компаниясы» ААКсын жетектеген. Ал бир нече жолу өлкөнүн алдыңкы банктарынын (Дос-Кредобанк, Айыл Банк, Мамлекеттик ипотекалык компания) директорлор кеңешине мүчө болуп шайланган, текшерүү комиссияларын жетектеген жана стратегиялык пландаштыруу жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттерге катышкан.