Банктардагы исламдык каржылоо эки эсеге өстү: портфель 18 млрд сомдон ашты
Кыргызстандагы банктарда исламдык каржылоонун көлөмү 18 млрд сомдон ашып, жыл ичинде эки эсеге өстү.
Кыргызстандын банк секторунда исламдык принциптерге негизделген каржылоонун олуттуу өсүшү катталды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 30-ноябрына карата мындай каржылоонун көлөмү 18 млрд сомго жетип, жыл башынан бери эки эседен ашык көбөйдү.
Исламдык каржылоонун жыйынды портфели 2024-жылдын аягындагы 9 млрд сомдон салыштырмалуу 100.8%гаөстү. Кеңейүү бардык негизги багыттарды камтып, өзгөчө чекене сегменттерде жогорку динамика байкалды.
Тармактар боюнча портфелдин түзүмү:
- өнөр жай — 0.4 млрд сом, өсүш 22.1%;
- айыл чарба — 2.2 млрд сом, өсүш 61.9%;
- соода — 1.3 млрд сом, өсүш 28.9%;
- курулуш — 0.9 млрд сом, өсүш 67.3%;
- ипотека — 7.1 млрд сом, өсүш 120.4%;
- керектөөчүлүк каржылоо — 4.3 млрд сом, өсүш 166.7%;
- башка максаттар — 2.0 млрд сом, өсүш 98.2%.
Муну менен катар портфелдин сапаты да жакшырды. Исламдык принциптер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен каржылоонун көлөмү 300 млн сомду түзүп, бул жалпы көлөмдүн 2%ынан аз.