Инвестор Сергей Ентц «Мурас Банк»дын директорлор кеңешинин төрагасы болду
Сергей Ентц дайындалышы Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногунун өнүгүшүнө түрткү бериши мүмкүн. «Мурас Банк» инвестициялык банкинг жана консалтинг кызматтарын сунуштап, жергиликтүү активдер менен эл аралык биржаларга басым жасоону пландаштырууда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (КР УБ) «Мурас Банк» ЖАКынын директорлор кеңешинин төрагасы кылып киприоттук ишкер Сергей Ентци дайындоону бекитти. Банк ушул жылдын июнь айында юридикалык жак катары катталган, бирок лицензиясын күтүүдө.
Мурда «Бай-Түшүм» жана «Росинбанктын» филиалдарын жетектеген Азамат Омуралиев башкармалыктын төрагасы болуп дайындалды. Команданын калган бөлүгү калыптануу үстүндө.
«Мурас Банктын» жалгыз акционери – банк секторунда, баалуу кагаздарды инвестициялоо рыногунда жана өнүгүп келе жаткан рыноктордо финансылык долбоорлорду башкаруу боюнча 30 жылдык тажрыйбага ээ эл аралык инвестор Сергей Ентц. Анын бизнес кызыкчылыгы Борбордук Азия гана эмес, Жакынкы Чыгыш жана Европаны да камтыйт. Енцтин айтымында, анын максаты – консалтингдик кызматтарды, инвестициялык банк ишин жана брокердик кызматтарды сунуш кылуучу эл аралык платформа түзүү. «Мурас Банкта» Ентц, Кыргызстандын баалуу кагаздары жана активдери менен эл аралык фондулук биржаларда иш жүргүзүүгө басым жасайт деп пландап жатат.