Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн Кыргызстандагы баалуу кагаздар рыногуна кирүү жөнөкөйлөтүлөт
Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн брокердик эсептерди онлайн ачуу жана санариптик идентификация аркылуу баалуу кагаздар рыногуна кирүү жөнөкөйлөтүлөт.
Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн брокердик эсептерди алыстан ачуу механизми киргизилиши пландалууда. Бул демилге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген аппараттык жыйында каралган Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагындагы реформалардын бир бөлүгү болду.
Реформа баалуу кагаздар рыногундагы процедураларды санариптештирүүнү жана кардарларды идентификациялоону жөнөкөйлөтүүнү карайт. Атап айтканда, төмөнкүлөр пландалууда:
- инвесторлорду алыстан санариптик идентификациялоо механизмин киргизүү;
- каржы уюмдарын мамлекеттик паспорт реестри менен интеграциялоо;
- чет өлкөлүктөргө брокердик эсептерди онлайн форматта ачуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Жеке инсанды тастыктоо процесси 15 мүнөткө чейин кыскарышы күтүлүүдө. Реформаларды ишке ашыруу тиешелүү ведомстволорго 100 күндүн ичинде тапшырылды. Бийлик санариптик өзгөрүүлөр ишкердик активдүүлүктү тездетип, чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргызстандагы каржы рыногун өнүктүрүүгө катышуусун кеңейтет деп эсептейт.