Мамлекет 700 млн сом тартууну пландап жатат

Кыргызстанда 24-сентябрда 700 млн сомдук 12 айлык мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруу пландалууда.

Кыргызстанда 700 млн сомдук мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруу пландалууда. Баалуу кагаздарды сатуу боюнча аукцион эртең, 2026-жылдын 24-сентябрында өтөт, деп «Акчабар» билдирет.

Жаңы чыгарылыштын жүгүртүү мөөнөтү 12 айды түзөт. Векселдердин акыркы кирешелүүлүгү алдын ала белгиленген эмес жана катышуучулардын өтүнмөлөрүн эске алуу менен аукциондун жыйынтыгы боюнча аныкталат.

21-сентябрга карата жүгүртүүдө турган мамлекеттик казыналык векселдердин көлөмү 1 млрд 310 млн сомду түзгөн.

Эгер алдыдагы аукциондо жарыяланган көлөм толугу менен жайгаштырылса, жүгүртүүдөгү мамлекеттик казыналык векселдердин жалпы суммасы 2 млрд сомго чейин көбөйүшү мүмкүн.