Мамлекеттик өнүгүү банкы Улуттук банктын көзөмөлүнөн тышкары иштейт
Садыр Жапаров Мамлекеттик өнүгүү банкынын өзгөчө укуктук макамын бекиткен мыйзамга кол койду. Банк Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылды.
Кыргызстанда Мамлекеттик өнүгүү банкынын өзгөчө укуктук макамы расмий түрдө бекитилди. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө Конституциялык мыйзамга» жана «Банк жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул каржылык институт Улуттук банктын түз көзөмөлүнөн жана лицензиялоосунан чыгарылды. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаровкол коюп, ал 31-октябрда расмий жарыяланды.
Эми банктын ишмердүүлүгү анын функцияларын, принциптерин жана максаттарын аныктаган өзүнчө мыйзамжана 2023-жылдын 9-октябрынын Министрлер кабинетинин токтому менен жөнгө салынат.
Коммерциялык банктардан айырмаланып, Мамлекеттик өнүгүү банкы жалпы банктык жөнгө салуу эрежелерине баш ийбейт. Бул чечим көзөмөлдү жумшартуу үчүн эмес, тескерисинче, мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу өнүгүү институттарына мүнөздүү жаңы башкаруу моделин киргизүү максатында кабыл алынган.
Эл аралык тажрыйбага ылайык, Өнүгүү банкы KfW (Германия), Korea Development Bank, China Development Bank жана ВЭБ.РФ сыяктуу уюмдардын форматында иш алып барат, анда көзөмөлдү борбордук банк эмес, өкмөт жана адистештирилген комитеттер жүргүзөт.
Президент кол койгон мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта 10 күн өткөн соң күчүнө кирет. Андан кийин Мамлекеттик өнүгүү банкы жаңы укуктук форматта толук иштей баштайт.