Госфинхолдинг бош каражаттарды кайрадан банктардын депозиттерине жайгаштырууда

Госфинхолдинг жыл башынан берки үчүнчү депозиттик аукционун өткөрүп, Кыргызстандын банктарына 80 млн сомду жылдык 13.5% менен жайгаштырууну пландады.

Мамлекеттик финансылык холдинг 24-июнда Кыргызстандын банктарынын депозиттерине улуттук валютадагы убактылуу бош каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү, деп билдирет «Акчабар».

Аукциондун шарттарына ылайык, холдинг 80 млн сомду 36 айлык мөөнөткө жайгаштырууну пландаган. Баштапкы чен жылдык 13.5% деңгээлинде белгиленген.

Каражаттар бир лот менен жайгаштырылды. Аукционго өлкөнүн мамлекеттик да, коммерциялык да банктары катышууга уруксат алышкан.

Бул Госфинхолдингдин жыл башынан берки ушундай үчүнчү операциясы болду. Буга чейин, 16-июнда, холдинг депозиттик аукционго ушундай эле сумманы — 80 млн сомду чыгарган. Шарттары да окшош болгон: жайгаштыруу мөөнөтү үч жылды, чени жылдык 13.5%ды түзгөн.

Быйылкы биринчи ийгиликтүү жайгаштыруу февралда өткөн. Анда Госфинхолдинг банктардын депозиттерине 100 млн сом багыттап, суроо-талап сунуш менен толук дал келгендиктен, билдирилген көлөм толугу менен жайгаштырылган.

Депозиттик аукциондор аркылуу бош каражаттарды Финансы министрлиги, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду да жайгаштырууга аракет кылган.

Ошол эле учурда бардык аукциондор ийгиликтүү аяктаган эмес. Февралда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду банктардын депозиттерине 150 млн сом жана $3 млн жайгаштыра алган эмес. «Акчабардын» булактарынын маалыматына караганда, катышуучулардын саны жетишсиз болуп, банктар тарабынан суроо-талап алсыз болгондуктан, аукцион өтпөй калды деп табылган.