Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк ЧОБду каржылоо боюнча ишти улантат
Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк микро, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу каржылоону жана банктар менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.
Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк микро, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу каржылоо инструменттерин мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты. Жумушчу жолугушуу 15-октябрда өткөнүн «Акчабар» билдирет.
Сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарапты Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев жетектеди.
Талкуунун борборунда ЧОБ үчүн туруктуу каржылоо рыногун өнүктүрүү долбоору болду. Тараптар долбоордун ишке ашырылышы кандай жүрүп жатканын, кандай жыйынтыктарга жетишилгенин жана учурда кандай маселелер жаралып жатканын карап чыгышты.
Долбоорго катышкан банктар менен практикалык иштөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар колдонуудагы механизмдин натыйжалуулугун жогорулатууга жана аны практикада колдонууну жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк бере турган чаралар боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк туруктуу каржылоону кеңейтүүгө жана Кыргызстандын банк сектору менен өз ара аракеттенүүгө байланышкан кызматташуунун мындан аркы багыттарын аныкташты.