Мамлекеттик активдер Кыргызстан бюджетине 74 млрд сомдон ашык киреше алып келди — бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп

Мамлекеттик активдер бюджетке 74.8 млрд сом түшүрдү. Улуттук банк негизги салым кошуп, 45.7 млрд сом пайда бөлүп берди.

Кыргызстандын мамлекеттик мүлктөн түшкөн кирешелери эки эседен ашык өстү. Каржы министрлигининмаалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында мамлекеттик жана муниципалдык активдерден 74.8 млрд сом дивиденд жана пайда түрүндө бюджетке түшкөн. Өткөн жылы бул көрсөткүч 34 млрд сомдутүзгөн.

Негизги өсүш булагы — Улуттук банктын бюджетке которгон 45.7 млрд сомдук пайданын эсебинен болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 12.4 млрд сомго салыштырмалуу дээрлик төрт эсе көп.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык акциялардан түшкөн дивиденддер 29.1 млрд сом болуп, өткөн жылдагы 21.4 млрд сомдон кыйла жогору болду.

Ошол эле учурда мамлекеттик ишканалардын жана муниципалдык компаниялардын кирешеси азайып, бюджетке болгону 2.2 млн сом түшкөн, бул былтыркы 207 млн сомдон кыйла төмөн.