Мамлекеттик салык кызматы жана банк сектору транзакциялык салыкты төмөндөтүүнүн параметрлерин макулдашты
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жана банк сектору транзакциялык салыкты 0.1%га чейин төмөндөтүү жана аны санариптик негизде администрлөө шарттарын макулдашты.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жана банк коомчулугунун өкүлдөрү транзакциялык операциялар боюнча атайын салык режимин колдонуу шарттарын жаңыртуу маселесин талкуулашты. Анын ичинде салык ставкасын 0.1% деңгээлине чейин төмөндөтүү каралды.
Талкуунун негизги темасы Транзакциялык салык боюнча атайын салык режимин администрлөө, ошондой эле анын ставкасын 0.2%дан 0.1%га расмий түрдө төмөндөтүү болду. Тараптар салык жүгүн азайтуу 2025-жылдын 31-декабрындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилип, учурда күчүнө киргенин тастыкташты.
Жолугушуунун жүрүшүндө салык кызматы менен банктардын ортосундагы санариптик өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле транзакциялык салыкты администрлөө жол-жоболорун автоматташтыруу маселелери да каралды.
Салык кызматында 0.1% ставкасын колдонуу жана автоматташтырылган сервистерди өнүктүрүү администрлөөнү жөнөкөйлөтүүгө, транзакциялык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого багытталганын белгилешти.