Фонддун кепилдиги менен 2 млрд 690 млн сомдук ипотекалык жана автокредиттер берилди

2026-жылдын он айында Кепилдик фонддун колдоосу менен карыз алуучулар 2 млрд 690 млн сомдук ипотекалык жана автокредит алышкан.

2026-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Кыргызстанда фонддун кепилдиги менен 2 млрд 690 млн сомдук ипотекалык жана автокредиттер берилген. Кепилдик фонддун маалыматына ылайык, бул мезгилде жалпы суммасы 623 млн 900 миң сомду түзгөн 711 кепилдик берилген.

Кепилдиктердин жарымынан көбү ипотекага туура келген. «Келечек» программасы боюнча фонд 489 млн сомдук 395 кепилдик берген. Алардын жардамы менен 2 млрд 60 млн сомдук ипотекалык насыялар берилген.

Автоунаа сатып алууга арналган «Унаа» программасы боюнча 135 млн сомдук 316 кепилдик берилген. Фонддун колдоосу менен насыя алуучулар 636 млн 600 миң сомдук автокредит алышкан.

Насыя алуучунун өз каражаты жетишсиз болсо, кепилдик баштапкы төлөмдү алмаштыра алат. Кепилдиктин өлчөмү жана насыянын шарттары программанын жана насыя берүүчүнүн талаптарына жараша болот.