Кыргызстандын Депозиттерди коргоо фонду бир жылда 2 млрд 800 млн сомго көбөйдү

Кыргызстандын Депозиттерди коргоо фонду бир жылда 2 млрд 800 млн сомго көбөйүп, 11 млрд 900 млн сомго жетти.

2026-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын Депозиттерди коргоо фондунда 11 млрд 900 млн сом топтолду. Бир жылдык өсүш болжол менен 31% түзгөнүн Economist.kg Депозиттерди коргоо агенттигинин отчеттуулугуна таянып билдирди.

Бир жыл мурда фонддун каражаты 9 млрд 100 млн сом болгон. Системанын катышуучуларынын топтолгон төгүмдөрү 5 млрд 300 млн сомдон 7 млрд сомго, топтолгон таза киреше 3 млрд 500 млн сомдон 4 млрд 700 млн сомго өстү. Январь–сентябрда катышуучулар 1 млрд 300 млн сом которушкан.

Агенттиктин тогуз айдагы жыйынды кирешеси бир жыл мурдагы 665 млн 400 миң сомдон 889 млн 500 миң сомго жетти. Өсүш 224 млн 100 миң сомду же болжол менен 34% түздү.

Агенттиктин инвестициялык баалуу кагаздарынын көлөмү 8 млрд 700 млн сомдон 11 млрд 400 млн сомго көбөйдү. Алар анын активдеринин негизги бөлүгүн түзөт.