Финназор алты компаниянын баалуу кагаздарынын жаңы чыгарылымдарын каттады
Финансылык көзөмөл органы алты компаниянын баалуу кагаз чыгарылымдарын каттап, фондулук рыноктогу активдүүлүктүн өсүшүн белгиледи.
Финансылык көзөмөл органы 2025-жылдын 24–28-ноябры аралыгында алты уюмдун баалуу кагаздарынын мамлекеттик каттоосу аяктаганын маалымдады. Регулятордун айтымында, бардык процедуралар капитал рыногунун талаптарына ылайык жүргүзүлүп, компаниялардын инвестиция тартуу багытындагы активдүүлүгүн чагылдырат.
Реестрге төмөнкү чыгарылымдар киргизилди:
- «Кыргыз почтасы» ААК — жөнөкөй аттуу акциялардын бешинчи чыгарылымы катталды;
- «Кыргыз Логистик» ААК — жөнөкөй аттуу акциялардын негиздөөчү чыгарылымы катталды;
- «Мамлекеттик брокердик компания» ААК — негиздөөчү чыгарылымы катталды;
- «О!Банк» ААК — жөнөкөй аттуу акциялардын он экинчи чыгарылымы боюнча жыйынтыктар катталды;
- «ОКСУС» ЖМК — жөнөкөй аттуу акциялардын он экинчи чыгарылымы боюнча жыйынтыктар катталды;
- «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК — аттуу облигациялардын биринчи чыгарылымы жана аларды жайгаштыруу жыйынтыктары катталып, жайгаштырылбаган облигациялар жокко чыгарылды.
Жаңы чыгарылымдардын катталышы компаниялардын фондалык рынокто активдүү иш алып барып, капиталды акциялар жана облигациялар аркылуу тартууга кызыкдар экенин көрсөтөт.