Электрондук акчаны мураска өткөрүүгө уруксат берилди

Кыргызстанда электрондук акча мурастын курамына киргизилип, ээси каза болгондон кийин аны мураскорлорго өткөрүп берүү тартиби белгиленди.

Президент Садыр Жапаров электрондук акчаны мурастоо мүмкүнчүлүгүн бекиткен мыйзамга кол койду. Эми электрондук капчыктан каражаттарды кайтарып алуу укугу мурастын курамына кирет, деп билдирет «Эркин-Тоо» гезити.

Жаңы нормаларга ылайык, электрондук акчанын ээси каза болгондон кийин мураскорлор мыйзамда белгиленген тартип аркылуу каражаттарга жеткилик ала алышат. Бул үчүн эмитент нотариустун, мамлекеттик органдын же мураскорлордун өздөрүнүн кайрылуусун карап чыгууга тийиш.

Мындай суроо-талап алынгандан кийин эмитент каза болгон кардардын электрондук капчыгы боюнча чыгаша операцияларын бөгөттөөгө милдеттүү. Андан соң ал каражаттардын бар экендиги жана алардын өлчөмү тууралуу маалымат берип, мураскорлордун укуктары ырасталгандан кийин акчаны аларга которууга тийиш.

Өзгөртүүлөр банк ишмердигине да тиешелүү. Банктар мурасты тариздөө үчүн зарыл болгон учурда каза болгон кардардын электрондук акчасы тууралуу маалыматты нотариустарга жана мураскорлорго бере алышат.