Кыргызстандын экспортчулары фонддун кепилдиги менен 1 млрд 292 млн сомдон ашык насыя алышты

Экспортко багытталган 37 кыргызстандык ишкана 2026-жылы фонддун кепилдиги менен банктардан 1 млрд 292 млн сомдон ашык насыя алды.

2026-жылдын башынан 25-ноябрына чейин экспортко багытталган 37 кыргызстандык ишкана Кепилдик фондунун колдоосу менен банктардан насыя алды. Banks.kg фонддун маалыматына таянып билдиргендей, насыялардын көлөмү 1 млрд 292 млн сомдон, ал эми кепилдиктердин суммасы 483 млн 600 миң сомдон ашты.

Кепилдиктердин эң чоң суммасы өнөр жай ишканаларына туура келди: алар 317 млн 900 миң сомдук кепилдик алышты. Бул кепилдиктердин негизинде тармактагы ишканалар банктардан 915 млн 900 миң сом тартты.

Аймактар боюнча 193 млн 800 миң сомдук кепилдик алган Чүй облусу алдыда турат. Андан кийинки орундарда 166 млн 800 миң сом менен Бишкек жана 103 млн 700 миң сом менен Жалал-Абад облусу турат.

Фонд иштей баштагандан бери экспортко багытталган ишканаларга 2 млрд 234 млн сомдон ашык кепилдик берди. Бул колдоонун негизинде ишканалар банктардан 7 млрд 200 млн сом насыя алды.